ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы калаанынжолдорунун курулушун текшерди

Калаада Бишкек шаарынын жолдорун капиталдык оңдоо боюнча көчмө жыйын өткөрүлдү.

Жыйын Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиевдин жетекчилиги алдында өткөрүлүп, жыйынга райондордун акимдери, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилиги, “Бишкекасфальтсервис” жана “Тазалык” муниципалдык ишканаларынын башчылары, жолдордун сапатын текшерүүчү көз карандысыз лабораториялардын өкүлдөрү, шаардык кызматтардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.


Жаздын башталышы менен калаанын жолдорун капиталдык оңдоо иштери башталды. Көчмө жыйындын катышуучулары төмөнкү көчөлөрдүн оңдоо иштеринин жүрүшү  менен таанышышты:


-    Саадаев көчөсү – Тоголок Молдо көчөсү;


-    -Щербаков көчөсү - Тоголок Молдо көчөсү;


-    Калинин көчөсү – Салиева көчөсү;


-    Көлбаев көчөсү – Ауэзов көчөсү;


-    Достоевский көчөсү – Анкара көчөсү;


-    Токомбаев көчөсү – Шабдан Баатыр көчөсү;


-    №7 кичирайону;


-    Медеров көчөсү – Панфилов көчөсү;


-    Фатьянов көчөсү – Горький көчөсү;


-    Лущихин көчөсү – Фрунзе көчөсү;


-    Жамгырчинов көчөсү – Садыгалиев көчөсү;


-    Профсоюз көчөсү – П.Лумумбы көчөсү.


Оңдоо иштери “Көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында  КЭР Өкмөтү тарабынан кайтарымсыз негизде берилген каражатка калаанын 49 көчөсү жана 10 көпүрөсү оңдолот. Текшерүүнүн жүрүшүндө вице-мэр Бакытбек Дюшембиев Медеров көчөсүн Токтоналиев көчөсү менен бириктирүүнү, мындан тышкары Лущихин көчөсүн “Ак-Өргө” конушуна чейин оңдоло тургандыгын белгиледи. Лущихин көчөсү Барпы Алыкулов көчөсүнө чыгат. Аталган бөлүктүн узундугу 2 миң 100 метр, туурасы 9 метрди түзөт. Жолдун эки тарабына тең туурасы 2 метрди түзгөн тротуар жана ирригациялык арык орнотулат.


2017-жылы шаардык бюджеттен Бишкек шаарынын төрт районунда теӊ жолдорду капиталдык оӊдоо талап кылынат. Жалпысынан 92 көчө, узундугу 98,02 км түзөт. Биринчи май району боюнча – 23 көчө, узундугу – 26,16 км, Октябрь району боюнча  - 21 көчө, узундугу – 14,87 км, Ленин району боюнча – 27 көчө, узундугу – 17,31 км, Свердлов району боюнча – 21 көчө, узундугу – 39,68 км.


“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы тарабынан шаардык бюджетттин эсебинен 2016-жылы жалпы узундугу 50,14 км түзгөн калаанын 66 көчөсүндө оӊдоо иштери жүргүзүлдү.


Ошондой эле бүгүнкү күндө сапаты, бекемдиги  евразиялык стандарттарга жооп берген жол белгилерин орнотуу иштери улантылууда.  Мындан тышкары жөө жүргүнчүлөргө ыӊгайлуулук  түзүү  үчүн калаанын 38450 м2 тротуарына капиталдык оӊдоо жүргүзүлүүдө жана 15000 м2 тротуар оӊдолуп бүткөрүлдү.