ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов райондук администрациясы район тургундары менен жолугушууларды өткөрүүдө

Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков райондун тургундары менен жолугушууларды өткөрүүнү баштады.

Эки жуманын ичинде муниципалдык администрациянын жетекчилиги шаардык кызматтар менен биргеликте кичи райондордун жана жаңы конуштардын тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Район тургундары өздөрүнүн көйгөйлөрү боюнча суроолорду бере алышат. Самарбек Болотбековдун кезектеги жолугушуусу  “Эне-Сай” жаңы конушунда өткөрүлдү.


№21 МАБдын башчысы Күлчоро Орозканов  өткөн жылы аткарылган иштер жана үстүбүздөгү жылга карата пландар боюнча айтып берди. Тургундар тарабынан жолдорду оңдоо жана калыбына келтирүү, канализация, жаңы конуштарды газдаштыруу  маселелери көтөрүлдү.


Бул багыттагы жолугушуулар үстүбүздөгү жылдын 8-апрелине чейин Свердлов районунун бардык конуштарында жана кичи райондорунда өткөрүлмөкчү.