Бишкек шаарынын мэриясы санитардык нормаларды бузгандарды аныктоону улантууда
- Подробности
- Опубликовано 15.03.2017 13:42
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору калаанын санитардык абалын текшерип, бузуучуларды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.
Кезектеги текшерүүдө Үмөталиев көчөсү,167 дарегинде жайгашкан “Орешка” унаа жуучу жайынын айланасына таштандылар башаламан ташталгандыгы жана көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан аталган жайдын администратору Разаков Э.нин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкеорчилик жөнүндө” кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы - Данияр Сулайманов. Телефон: 65 -81 59.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |