ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте бирдик жүктөгөн күркөлөрдү жана жарнама конструкцияларын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери Биринчи май  райондук администрациясы менен биргеликте  Москва көчөсү Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки 100дөн ашык мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкциялары алынды.

Алуу иштери Чүй проспектиси- Исанов көчөсүндө, Ахунбаев-Молодежный көчөлөрүндө, Байтик Баатыр – Скрябин көчөлөрүндө, Бөкөнбаев –Логвиненко көчөлөрүндө, Горький – Тыныстанов көчөлөрүндө, Москва көчөсүндөгү “Азат” кичи районунун айланасында, Т.Молдо-Киев көчөлөрүндө, Киев –Байтик Баатыр көчөлөрүндө, ошондой эле Бөкөнбаев көчөсү №70 орто мектептин маӊдайында жүргүзүлдү.


2017-жылдын январь айынын башында мэриянын №1 токтому менен Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Ыкчам штабдын иш-чаралар планынын алкагында Токтогул көчөсүнүн Манас проспектиси менен кесилишиндеги мыйзамсыз курулуган беш кабаттуу имарат буздурулган.  Штабдын курамы мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү, КР Жогорку сотунун алдындагы соттук департаменти, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик  экологиялык-техникалык инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен тыгыз иш алып барат.
Жакын арада мыйзамсыз курулган бир нече объект буздурулат.


Ыкчам штабдын төрагасы Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев. Телефон: 61-08-20.


Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын директору  Талант Иманакун уулу. Телефон 0557 55 70 58, 89 19 26.


КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына караштуу Бишкек шаарынын мамлекеттик регионалдык башкармалыгынын башчысы Мелис Абдиев. Телефон: 56-49-80; 90-12-60.


КР Жогорку сотуна караштуу сот департаментинин сот аткаруучулар түзүмдүк бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурлан Пирназаров. Телефон: 58- 09 -95.


Бишкек шаарынын башкы прокурору Кубанычбек Бейшекеев . Телефон: 32-34-10.