ТЭШ санитардык нормаларды бузууда
- Подробности
- Опубликовано 14.03.2017 09:43
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык нормаларын бузгандарды аныктоо иштерин жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Сүйүнбаев көчөсү №16 дарегиндеги «Достук-16» турак жай ээлеринин шериктештигинин айланасы антисанитардык абалга жеткендиги, калаанын көрктөндүрүү эрежелери жана санитардык нормалары бузулгандыгы аныкталды.
Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан «Достук-16» ТЭШтин төрагасы Магомедов А.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы - Данияр Сулайманов. Телефон: 65 -81 59.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |