ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз соода түйүндөрүн түрттүрүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте Тунгуч кичирайону, Анкара көчөсү 64/3 дарегинде жайгашкан унаа жуучу жайды жана гүл сатуучу дүкөндү түрттүрүштү.

Мындан тышкары Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Касым жаӊы конушундагы Салтанат көчөсү 56 дарегинин жашоочулары муниципалдык жердин эсебинен жер тилкесин 1 метрге кеӊейтип, дубал куруп алышкандыгы аныкталды. Дубалдын узундугу 23 метрди түзөт. Аталган дубал шаардык кызматтар тарабынан буздурулду.


2017-жылдын январь айынын башында мэриянын №1 токтому менен Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Ыкчам штабдын иш-чаралар планынын алкагында Токтогул көчөсүнүн Манас проспектиси менен кесилишиндеги мыйзамсыз курулуган беш кабаттуу имарат буздурулган.  Штабдын курамы мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү, КР Жогорку сотунун алдындагы соттук департаменти, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик  экологиялык-техникалык инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен тыгыз иш алып барат.
Жакын арада мыйзамсыз курулган бир нече объект буздурулат.


Ыкчам штабдын төрагасы Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев. Телефон: 61-08-20.


Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын директору  Талант Иманакун уулу. Телефон 0557 55 70 58, 89 19 26.


КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына караштуу Бишкек шаарынын мамлекеттик регионалдык башкармалыгынын башчысы Мелис Абдиев. Телефон: 56-49-80; 90-12-60.


КР Жогорку сотуна караштуу сот департаментинин сот аткаруучулар түзүмдүк бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурлан Пирназаров. Телефон: 58- 09 -95.


Бишкек шаарынын башкы прокурору Кубанычбек Бейшекеев . Телефон: 32-34-10.