ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Курулуш компаниялар калааны кирдетүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын көрктөндүрүү жана санитардык нормаларын бузгандарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Октябрь районунун санитардык абалын текшерүүдө Геологический чолок көчөсү №14 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жумушчулары курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге таштагандыгы, ошондой эле 2016-жылга таштанды чыгарууга келишим түзүлбөгөндүгү аныкталды.


СЭИ инспекторлору тарабынан «БКС» ЖЧКсынын башкы директору Курманбаев К.нын атына Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча проткол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы - Данияр Сулайманов. Телефон: 65 -81 59.