ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

ТООРУККА КАТЫШУУГА ЧАКЫРУУ

Орто-Алыш суутоптомосунда 35 жаңы скважинаны бургулоо.

Бул тоорукка катышууга Чакыруу ЕРӨБдүн “Сатып алуу жөнүндөгү кабарлоо” бетиндеги веб-сайтында жайгашкан бул долбоор боюнча сатып алуу жөнүндөгү 2016-жылдын 8-июлундагы (www.ebrd.com) жалпы кулактандыруусуна ылайык чыгарылды.

 

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы (ӨЭБ), (мындан ары – Заказчы) Бишкек шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системасын реабилитациялоо долбоорун, 2-фаза каржылоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ же Банк) тарабынын көрсөтүлгөн кредиттин каражаттарынын бөлүгүн жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ же Банк) тарабынан башкаруучулук кылган  Глобалдык экологиялык фонддун климатты өзгөртүү боюнча Атайын фонду (“SCCF”) тарабынан көрсөтүлгөн гранттын каражаттарынын бөлүгүн пайдаланууну ниет кылат.

 

Заказчы муну менен кредиттин жана гранттын каражаттарынын эсебинен каржыланган төмөнкү келишимдер боюнча тоорукка катышууга табыштамаларды берүүгө подрядчыларды чакырат:

 

·        Орто-Алыш суутоптомосунда 35 жаңы скважинаны бургулоо

 

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) кредит каражаттарынын эсебинен каржыланган келишимдерди аткаруу тооругуна каалаган өлкөнүн компаниялары катышуу укугуна ээ.

Келишимди берүүгө укукту алуу үчүн тооруктун катышуучулары төмөндөгү көрсөтүлгөн минималдык квалификациялык талаптарга жооп бериши керек.

        

1.     Жалпы тажрыйба жана шилтемелер:

 

Тооруктун катышуучусу акыркы 5 жыл ичинде сунушталган контракт менен (100м кем эмес тереңдиктеги ичүү максаты үчүн скважиналарды бургулоо жана куроо) дал келген көлөмү жана кыйынчылыгы боюнча минимум үч долбоорду аткарууда башкы подрядчы катары ийгиликтүү тажрыйбасы бар экендигин көрсөтүшү керек.

 

2.     Кызматкерлердин квалификациясы:

 

Тооруктун катышуучусу төмөнкү позициядагы квалификациялуу кызматкерлердин тизмесин көрсөтөт, ар бир кандидат минималдуу талаптарга дал келиши керек.

 

Долбоордун/курулуштун менеджери – жалпы стажы 10 жыл, туура келген

                                                                   кызмат орду 5 жыл

Башкы инженер - жалпы стажы 10 жыл, туура келген кызмат орду 5 жыл

Участоктун начальниги - жалпы стажы 10 жыл, туура келген кызмат

                                            орду 5 жыл

Бургулоо боюнча адис - жалпы стажы 10 жыл, туура келген кызмат

                                          орду 5 жыл

Подрядчы Заказчы менен тыгыз байланышта болушу үчүн долбоордун бардык учурунда квалификациялык котормо менен камсыздап турушу керек.

 

3.     Лицензия

 

Тооруктун катышуучусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бургулоо иштерин аткаруу үчүн колдонуудагы лицензиясы, же тооруктун катышуучусу ушундай лицензияны алууга берген күбөлүгү болушу керек. Ушундай лицензиялардын жоктугу тендердик табыштамаларды четтетүү себептеринен боло албайт, ошого карабастан, Контрактыга кол коюу учурунда тооруктун катышуучусу табыштамаларды кабыл алуу жөнүндө Кабарламаны алганга чейин 28 күн ичинде Заказчыга лицензияны көрсөтүшү керек.

 

4.     Финансылык абалы:

 

Тендердин катышуучусу башка контракттар боюнча подрядчынын милдеттенмелерин эске алып, 900000 Евродон кем эмес эсептелген 4 ай ичиндеги акча агымдарын жабууга мүмкүн болгон ликвиддик активдери, кредиттик линиялары жана башка финансылык каражаттарына кирүүгө мүмкүндүгү же бар экендигин далилдеши керек. Подрядчы аудит тарабынан (салык же аудитордук компания тарабынан) текшерилген узак мөөнөттүү рентабелдүүлүк жана жакшы финансылык абалды көрсөткөн, акыркы 3 жыл ичиндеги киреше жана чыгашалар жөнүндөгү бухгалтердик балансты жана отчетту көрсөтүүгө милдеттүү. Керектүү учурда Заказчы Арыз ээсинин Банкынан керектүү суроо-талапты алса болот.

 

5.     Жабдыктар:

 

Тооруктун катышуучусунун менчигинде иш абалында турган, бургулоо ыкмасына ылайык (III бөлүм, Квлификация, таблица 2.6) минимум катары жабдыктардын төмөнкү булактарынын түрү бар же кирүүгө мүмкүндүгү (жалдоо, лизингдин, сатып алуу жөнүндө макулдашуунун же башканын жардамы менен) болушу керек. Тооруктун катышуучусу ушуну тендердин тиешелүү түрүнө кол коюу жолу менен ырастоосу керек, мында милдеттенмелерге ылайык, бул контракт боюнча жабдыктарды пайдалануу жеңил болот.

Тооруктун катышуучусу сунуштаган, пайдаланууга ниеттенген жабдыктардын тизмесин көрсөтүшү керек. Ушундай эле тооруктун катышуучусу сунушун түшүндүрүү менен бирге бул контрактыны аткаруу үчүн альтернативдик же кошумча жабдыктарды көрсөтүшү керек.

 

6.     Консорциум же биригүүгө юридикалык жактардын өнөктөштүгү боюнча чен белгилер (КБӨ):

 

Эгерде тендердик табыштамалар КБӨ катары берилсе, анда төмөкү квалификациялык талаптарга дал келиши керек, бул учурда:

         а) КБӨнүн негизги компаниясы жогоруда (1) квалификациялык чен белгиде көрсөтүлгөн, минимум үч (3) контрактыны аткарууда башкы подрядчы катары тажрыйбасы болушу керек.

         b) КБӨнүн негизги компаниясы жогоруда көрсөтүлгөн квалификациялык чен белгилердин жетимиш (70) пайызына дал келиши керек.

         с) Ар бир өз алдынча компания КБӨ боюнча жогоруда көрсөтүлгөн квалификациялык чен белгилердин отуз (30) пайызына дал келиши керек.

 

640 сом өлчөмүндөгү же анын алмашымдуу валютадагы эквивалентинде  кайтарымсыз чогултулган төлөмдөн кийин төмөндөгү көрсөтүлгөн дарек боюнча Заказчыга жиберилген суроо-талап менен конкурстук документтерди алсаңар болот.

Чогулган сумманы төмөндө көрсөтүлгөн “Бишкексууканал” ӨЭБнын алыш-бериш эсебине которсо болот.

 

Алуучунун банкы

р/с 1091820102890180

БИК 109018

ОАО “Optima bank”, Бишкек, Кыргыз Республикасы

SWIFT:ENEJKG22

Chips UID:416502

Ортомчу банк

Standard Chartered bank, Нью-Йорк, США

SWIFT:SCBLUS33

р/н: 3582023671001

 

Төлөмдү күбөлөндүрүлгөн документтерди алгандан кийин сынактык документтердин комплектиси кечиктирилбестен курьердик почта аркылуу адресатка жиберилет: бирок, документтерди жиберүүчү анын жоголуп кеткенине же кечигүү менен жеткирилгенине жоопкерчиликти албайт. Төлөмдү күбөлөндүргөн документти көрсөткөндөн кийин тооруктун потенциалдуу катышуучусуна ушундай эле сынактык документтердин комплектисинин көчүрмөсү анын суроо-талабы боюнча электрондук формада ага жиберилиши мүмкүн. Электрондук жана кагаз жүзүндөгү текстердин ортосунда айырмачылыктар келип чыккан учурда, кагаз жүзүндөгү текст артыкчылык күчкө ээ болот.

 

Бардык табыштамалар табыштамалардын баасынын 2% өлчөмүндөгү тендердик табыштамаларды камсыздоону же конвертирленген валютадагы же сомдогу эквивалентти кармоосу керек. Кыргыз сомундагы эквиваленти табыштамаларды берүүнүн акыркы күнүнө чейин 28 күнүнө дал келген, б.а. 2017-жылдын 29-мартындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын алмаштыруу курсу боюнча эсептелет.

 

Табыштамалар 2017-жылдын 25-апрелине чейин саат 104.00дөн кечикпестен төмөнкү көрсөтүлгөн дарек боюнча Заказчынын кеңсесине жеткирилиши керек, качан табыштамалары менен конвертти тооруктун катышуучуларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачарда, калоочулар бул учурда катышса болот.

 

Тооруктун (сынактын) потенциалдуу катышуучулары кошумча маалыматтарды алса жана сынак документтери менен таанышса болот, ошондой эле аны төмөнкү дарек боюнча алса болот:

 

“Бишкексууканал” ӨЭБы

Долбоорду ишке ашыруу бөлүмү

720023, Бишкек

10-кичи район, 35-үй

+996 312 542119

Электрондук дарек: piuЭтот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.