ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектиктер санарипке ɵтʏʏлɵрʏ керек

Шаардык муниципалитетте санарипке ɵтʏʏ маселеси талкууланды.
Жыйынга вице-мэр Айгʏл Рыскулова, КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова, «РПО РМТР» ААКнун башкы директору Замирбек Мамбеталиев, КР маданият министрлигинин алдындагы маалымат жана массалык коммуникация департаментинин директорунун орун басары Салкын Сарногоева катышты.
 
Жыйындын жʏрʏшʏндɵ санарипке ɵтʏʏдɵ техникалык жактан камсыздоо маселеси талкууланды.
 
Аталган жыйын 2017-жылдын 15-майынан баштап Кыргыз Республикасындагы аналогдук телеберʏʏлɵр ɵчʏрʏлɵ тургандыгына байланыштуу ɵткɵрʏлдʏ.
Маалымат ʏчʏн:
 
Санариптик эфирдик телекөрсөтүү (мындан ары - Санарип) – бул видеосигнал жана үн сигналдарын санариптик коддоштуруунун жардамында санарип каналды колдонуу менен телевизиондук сүрөттөрдү жана үндөрдү берүү технологиясы. Санариптик коддоштуруу аналогго салыштырмалуу сигналды жеткирүүнү эң төмөнкү жоготуу менен камсыздайт, анткени санариптик сигналдын сүрөтү жана үнү сырткы факторлордун таасиринен бузулбайт.
Учурда санариптик эфирдик телекөрсөтүүнүн төмөнкү негизги стандарттары бар:
 
DVB — санариптик телекөрсөтүүнүн европа стандарты
 
ATSC — санариптик телекөрсөтүүнүн америка стандарты
 
ISDB — санариптик телекөрсөтүүнүн япон стандарты
 
DТMB—санариптик телекөрсөтүүнүн кытайстандарты
 
Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик эфирдик телекөрсөтүү DVB-T2  стандартында ишке киргизилүүдө.
 
Толук маалыматты www.sanarip.kg сайтынан алсаӊыздар болот.