ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» МИ калаанын жолдорун жууп тазалоодо

«Тазалык» муниципалдык ишканасы калаанын жолдорун, аялдамаларын жууп тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Учурда Абдрахманов, Ибраимов, Киев, Токтогул, Бөкөнбаев, Иваницин, Фрунзе, Москва, Бейшеналиева, Фучик, Рыскулов, Кулиев, Павлов, Уметалиев, Интергельпо, Ахунбаев, Байтик Баатыр, Токомбаев көчөлөрүндө, Чүй, Манас, Жибек-Жолу проспектилеринде, Жаш Гвардия бульварында тазалоо иштери жүргүзүлүүдө жана аталган иштер башка көчөлөрдө дагы жүргүзүлөт.
 
 Жууп тазалоо иштерине 9 суу чачуучу унаа тартылды. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана МАБдардын кызматкерлери таӊ эртеден баштап штаттык режимде иштеп жатышат. 
 
Эскерте кетсек, Бишкек шаарында КТК чыгарууга абоненттик төлөм бир адамдан бир айга 22 сом 50 тыйын, пенсионерлер – 6 сом 50 тыйын, чарба субъектилери 1 кубга 225сомдон  төлөшөт. Түшкөн каражат кызматкерлердин айлык акысына, атайы техникаларды оӊдоого жана сатып алууга, зарыл болгон күйүүчү май жана башка муктаждыктарды сатып алууга коротулат. Бишкек шаарынын ар бир жашоочусу төлөмдөрдү убагында төлөө менен калааны көрктөндүрүүгө чоӊ салым кошушат. 
 
Бишкек шаарынын аймагындагы бардык юридикалык жана жеке жактар кургак тиричилик калдыктарын чыгарууга «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен келишим түзүүлөрү керек. 
 
Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз чарба субъектилери (жеӊил типтеги объектилер, дүкөн, кафе жана башка) санитардык нормаларды бузган учурларда райондук администрациялардын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча башчыларынын орун басарларынын номерлерине кайрылсаӊыздар болот.
 
Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;
 
Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;
 
Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;
 
Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 44-71-54.
 
Ошондой эле кайрылууларды 65-81-59 телефону боюнча  Санитардык-экологиялык инспекциясы  кабыл алат.
 
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!