ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте туу күнү белгиленди

Калаанын бардык райондорунда жана жалпы билим берүү уюмдарында КР Туусунун 25 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

Свердлов райондук администрациясында иш күнү гимнди аткаруу жана тууну көтөрүү менен башталды. Свердлов муниципалдык администрациясынын алдында акимиаттын жетекчилиги жана аппарат, ошондой эле райондук кызматтардын кызматкерлери гимнди аткарышты. Мындан тышкары, райондун бардык МАБдарында иш күнү гимнди аткаруу менен башталды.


Октябрь акимиаты Туу күнүнө арналган иш-чара өткөрдү. Шаар тургундарынын, Бишкек шаардык кеӊештин депутаттарынын, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин катышуусунда гимндин коштоосунда Кыргыз Республикасынын туусу көтөрүлдү.


Ошондой эле туунун 25 жылдыгына арналган  иш-чара Ленин райондук администрациясынын алдында өткөрүлдү. Иш-чарага Ленин райондук администрациясынын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.


Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, калаанын бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында КР Туусунун 25 жылдыгына арналган иш-чаралар, концерттик программалар, линейкалар жана класстык сааттар өткөрүлдү. Иш-чараларга райондук администрациялардын, билим берүү борборлорунун өкүлдөрү катышты.