Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Франция Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси менен жолукту
- Подробности
- Опубликовано 03.03.2017 11:35
Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы Албек Ибраимовдун Франция Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Микаэл Ру менен жолугушуусу өткөрүлдү.
Жолугушууда маданият жана билим берүү багытында эки тараптуу кызматташуу талкууланды. Франциянын элчиси калаа башчысына Бишкек шаарын өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады.
Жолугушууга Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, элчиликтин кызматкерлери, Борбор Азияны изилдөө боюнча Француз Институтунун директору Катрин Пужоль катышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
19.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |