ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттик туу күнүн белгиледи

Бишкек шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынынын мамлекеттик туусунун 25 жылдыгы белгиленди.

Иш-чарага шаар тургундары, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Канатбек Музуралиев, вице-мэрлер, мэриянын  жана шаардык кеңештин кызматкерлери катышты.
Калаа башчысы Албек Ибраимов КР мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, шаар тургундарына  тынчтык, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.


“Урматтуу шаар тургундары! Урматтуу замандаштар! Сиздерди кыргыз туусунун күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Желегибиздин бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана байлыкты чагылдырат, ал эми түндүк - үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелейт. Түндүк өлкөдө жашап жаткан элдердин биримдигинин белгиси, желектин кызыл түсү айкөл Манастын туусунун түсү экендигин белгилеп кетким келет. Туубуз өлкөбүздүн жана андагы жашаган элдердин өнүгүүгө, келечекке болгон умтулуусун,  биримдигин  айкындап  турат.   Келечек муундун бактылуу жашоосуна багыт берип турган кыргыз туусу  элибиздин эртеңки жаркын турмушуна болгон чакырыктай мааниге ээ”,-деди мэр.


КР мамлекеттик гимнини коштоосунда өлкөнүн символу болгон желек көтөрүлдү.