ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте аялдамаларды оӊдоо жана калыбына келтирүү иштери башталды

Свердлов райондук администрациясы Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте 2017-жылга карата аялдамаларды оӊдоо планын иштеп чыгышты.

Азыркы учурда 35 аялдама комплексин  ижарага алгандар өздөрүнүн эсебинен оӊдоо, сырдоо, тазалоо жана айлана-тегерегин жакшыртуу иштерин жүргүзүүдө.


Жакын арада аялдамаларга таштанды челектери жана отургучтар орнотулат. Мындан тышкары, зарылчылык болгон жерлерге оңдоо иштери жүргүзүлөт. Иштелип чыккан планга ылайык, оңдоо иштери ушул жылдын сентябрь айына  чейин жүргүзүлөт. Учурда  калаанын   Чыгыш-5 кичирайонундагы, Абдрахманов-Бөкөнбаев жана Москва-Ибраимов көчөлөрүнун кесилишиндеги аялдамалар оӊдолуп  бүткөнү калды.