ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Эл аралык эне тил күнүн белгилөө улантылууда

К.Тыныстанов атындагы №5 китепканасында Дүйнөлүк эне тил күнүнө карата « Эне тилсиз башка тилдин куту жок» аттуу ой- толгоо сааты болуп өттү.

Иш-чарага Бишкектеги « КОМТЕХНО» колледжинин студенттери катышты.


Иш-чаранын  катышуучулары дүйнө эли белгилеп жаткан бул күндүн ЮНЕСКО тарабынан эне тил күнү деп жарыяланып, ошондон бери ар бир элдин тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жаткандыгы баяндалды. Студенттер өзүбүздүн эне тилибиз болгон кыргыз тили, анын келечеги тууралуу кызыктуу талкуу курушту жана башка тилди билүү жана сүйлөө менен эне тилибизди унутта калтырбашыбыз керек деген ойлорун айтышты .


Аталган иш- чаранын жүрүшүндө эне тилге арналган ырлардан көркөм окуу уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Аягында кыргыз тилинин калыптанышына зор эмгек жумшаган улуу инсандар К.Тыныстановго жана И.Арабаевге арналган китеп көргөзмөлөр менен таанышышты.


Келечек муундарын  эне тилинде  таза жана так сүйлөөгө чакыруу менен тилдин  келечегине кам көрүүгө үндөө максатында өткөрүлдү.


Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы - Букеев Мисиралы Каракойчиевич (59-47-35).