ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Свердлов районундагы каттоосу жок диний мекемелерди аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү

Рейддин жүрүшүндө алты диний мекемеден бешинин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында катталбагандыгы аныкталды.

Бир нече күн мурун атайын комиссия түзүлгөн. Курамына ИИБ 10-бөлүмү, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, КР Мусулмандар дин башкармалыгы, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, райондук билим берүү борбору, Бишкек шаарынын МСЭКБ (ЦГСЭН) жана райондук администрациянын кызматкерлери кирген комиссия билим берип жаткан диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшеришти.
Текшерүүдө «Биринчи Кадам», «Абубакир Сыдык», «Муртазали», «Ыйык биримдик» жана  «Мускан Торо» медреселери КР мусулмандар дин башкармалыгында жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда катталбастан ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталды.


Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө аталган медреселерде техникалык-коопсуздук эрежеси жана санитардык-гигиеналык нормалар сакталбагандыгы аныкталды. Буга байланыштуу Свердлов райондук администрациясы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга, КР мусулмандар дин башкармалыгына жана Свердлов районунун ИИБне медреселердин ишмердүүлүгүн токтотуу жана чара көрүү боюнча кат жиберилди.