ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Эл аралык эне тил күнүн белгилөө улантылууда

№22 шаардык китепканасында эл аралык эне тил күнүнө арналган “Өнөр алды- кызыл тил” аталышта иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын катышуучулары Аалы Токомбаев, Байдылда Сарногоев, Алыкул Осмонов, Эсенгул Ибраев, Абдрасул Токтомушев жана  Расул Гамзатовдун ырларын окушуп, өз эне тилдеринде макал-лакаптарды айтышты. Кыргызстанда жашаган этникалык казак жана орустар эне тилдеринде ырларды ырдышты.


Ошондой эле Эл аралык эне тил күнүнө арналган китептер көргөзмөсү уюштурулду. Жолугушууга шаар тургундары, студенттер, мугалимдер жана окурмандар катышышты.


Иш-чаранын максаты жаштарды китепканага тартуу, башка тилдерди сыйлоого жана толеранттуулукка чакыруу болуп саналат.


Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын башчысы - Букеев Мисиралы Каракойчиевич (59-47-35).