ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Эр жүрөк жоокер мекенин коргойт” аталышта иш-чара өткөрүлөт

28- февралда саат 10:00до  Борборлоштурулган китепкана тармагында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына арналган “Эр жүрөк жоокер мекенин коргойт” атту иш-чара  өткөрүлөт.

Иш-чаранын максаты жаштарды мекенди  сүйүүгө жана  душмандардан коргоого, улууларга адептүү мамиле кылууга, ыймандуу болууга  жана өзүн маданияттуу алып жүрүүгө үгүттөө, үйрөтүү болуп саналат.


Жолугушууга КУУнун, Кыргыз юридикалык академиясынын студенттери, Улуттук гвардиянын өкүлдөрү жана жоокерлери катышат.


Борборлоштурулган китепкананын дареги: Чокморов көчөсү  246. Телефон: 45-42-52.