ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

21-сентябрда Мамлекеттик тарых музейинде Бишкек шаардык “Мамлекеттик тил – жалпы улуттук кенч” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өтөт

 

 “Кыргыз Республикасынын   мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 22 жылдыгына карата 2011-жылдын 21-сентябрында саат 10.00до Мамлекеттик тарых музейинде “Мамлекеттик тил – жалпы улуттук кенч” аттуу шаардык салтанаттуу иш-чара өткөрүү белгиленген.
Сентябрь айында Бишкек шаарынын мекеме-уюмдарында, райондук акимиаттарда жана билим берүү борборлорунда, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Бишкек шаардык мэриясынын, Кыргыз билим берүү академиясынын, Кыргыз илимдер академиясынын,   Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, “Кыргыз тили” жана “Манас” коомдорунун, Бишкек шаарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, райондук акимиаттардын жана билим берүү борборлорунун, жогорку жана кесиптик окуу жайлардын, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, мамлекеттик тил боюнча адистер, эмгек ардагерлери жана мугалимдер катышат.
Бишкек шаарынын мэри И.Ш.Өмүркулов жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Р.Ч.Момбеков куттуктоо сөз сүйлөп, алдыңкылар мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланат. Шаардык иш-чара майрамдык концерт менен жыйынтыкталат.
        
 
Бишкек шаарынын мэриясынын Коомчулук менен байланыш башкармалыгы