ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Тазалык» митингден кийин эки кубга жакын таштанды чыгарды

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, кызматкерлер тарабынан кечээ өткөрүлгөн митингден кийин УКМКнын имаратынан алыс эмес Эркиндик бульварынан  эки кубга жакын таштанды чыгарылды.

Аталган жерди тазалоого бир самосвал, жүктөөчүлөр жана короо шыпыргычтар тартылды. Ошондой эле аба-ырайынын жылышы менен аялдама комплекстерин жана калаанын жолдорун жууп тазалоо иштери башталды. Бүгүн жууп тазалоо иштери Абдрахманов көчөсүндө, Чүй жана Манас проспектилеринде, Жаш Гвардия бульварында, ошондой эле Ахунбаев, Түштүк магистраль, Киев, Токтогул, Фучик, Фрунзе жана Шопоков көчөлөрүндө жүргүзүлүүдө.


Жууп тазалоо иштери өткөн жуманын аягында башталган. Жалпысынан көчөлөрдү 9 сугаруу унаасы жууп тазалоодо. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана МАБдардын кызматкерлери таӊ эртеден баштап штаттык режимде иштеп жатышат.


«Тазалык» МИнин маалыматы боюнча, шаардык кызматтын кызматкерлери 2017-жылы Бишкек шаарынын 130 көчөсүн тазалайт.


Эскерте кетсек, Бишкек шаарында КТК чыгарууга абоненттик төлөм бир адамдан бир айга 22 сом 50 тыйын, пенсионерлер – 6 сом 50 тыйын, чарба субъектилери 1 кубга 225сомдон  төлөшөт. Түшкөн каражат кызматкерлердин айлык акысына, атайы техникаларды оӊдоого жана сатып алууга, зарыл болгон күйүүчү май жана башка муктаждыктарды сатып алууга коротулат. Бишкек шаарынын ар бир жашоочусу төлөмдөрдү убагында төлөө менен калааны көрктөндүрүүгө чоӊ салым кошушат.


Бишкек шаарынын аймагындагы бардык юридикалык жана жеке жактар кургак тиричилик калдыктарын чыгарууга «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен келишим түзүүлөрү керек. Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз чарба субъектилери (жеӊил типтеги объектилер, дүкөн, кафе жана башка) санитардык нормаларды бузган учурларда райондук администрациялардын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча башчыларынын орун басарларынын номерлерине кайрылсаӊыздар болот.


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;


Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — 0555 44-71-54.


Ошондой эле кайрылууларды 65-81-59 телефону боюнча  Санитардык-экологиялык инспекциясы  кабыл алат.


Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!