ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

1-марттан баштап Бишкек шаарынын мэриясы жолдорду оӊдоо иштерин баштайт

2017-жылдын 1-мартынан баштап калаанын жолдорун оӊдоо иштери башталат.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы шаардык бюджеттин эсебинен калаанын кварталдар аралык жана ички жолдорун оӊдоо боюнча программанын алкагында «Красный строитель» жаӊы конушунун 5 көчөсү оӊдойт. Конуштун  Бельская, Нурек, Сарычелек, Бухара, Наманган көчөлөрү оӊдолот. Мындан тышкары 2016-жылы башталган Калинин көчөсү Көлбаев көчөсүнөн Салиев көчөсүнө чейин жана Шабдан баатыр көчөсүнүн чыгыш тарабы Исакеев көчөсүнөн Кийизбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн оӊдоо улантылат.


Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 1-марттан баштап кытай грантына 11 көчө оӊдолот.


-  Достоевский көчөсү  Анкара көчөсүнөн  Ахунбаев көчөсүнө чейин;


-  Токомбаев көчөсү  12к/р.  Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;


-  Иманалиев көчөсү Түштүк магистралдан  Абдрахманов көчөсүнө чейин;


-  Медеров көчөсү  Панфилов көчөсүнөн  Токтоналиев көчөсүнө чейин;


-  Профсоюз көчөсү   Фучик көчөсүнөн  Кустанай көчөсүнө чейин;


-  Л. Толстой көчөсү  Шабдан Баатыр көчөсүнөн  Ауэзов көчөсүнө чейин;


-  Көлбаев көчөсү  Лермонтов көчөсүнөн  Ауэзов көчөсүнө чейин;


-  Саадаев көчөсү  Тоголок Молдо көчөсүнөн  Орозбеков көчөсүнө чейин;


-  Щербаков көчөсү  Махатма Ганди көчөсүнөн  Бакин көчөсүнө чейин;


-  Гагарин көчөсү  Тагай Бий көчөсүнөн  Айбийке көчөсүнө чейин, «Ак-Ордо» конушу;


-  Жамгерчинов көчөсү  Интергельпо көчөсүнөн  Садыгалиев көчөсүнө чейин.


Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алуусун суранат.