ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Калаада Эл аралык эне тил күнүнө арналган бир нече иш-чара өткөрүлдү.

№ 3 орто мектептин жыйын жайында Эл аралык эне тили күнүнө арналган “Мамлекеттик тил – улуттар арасындагы ынтымак, достук жана биримдиктин тили” аттуу шаардык иш-чара өткөрүлдү.

Майрамдык салтанатка Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мугалимдер жана башка меймандар катышты. Иш-чарада ар улуттун өкүлдөрү өз эне тилинде куттуктоолорду айтып, улуттук маданиятынын  өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, мамлекеттик тилдин бириктирүүчү мааниси белгиленип, ыр-бий, майрамдык концерт менен коштолду.


Фестивалдын жыйынтыгында сыйлыктар тапшырылып, расмий тилдүү жетекчилерге жана кызматкерлерге,  Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик тил боюнча адистерине, расмий тилдүү кызматкерлерге кыргыз тилин үйрөтүү  үчүн “Кыргыз тили” методикалык окуу куралы диски менен берилди.


Борборлоштурулган китепкана тармагынын  жаңы моделдеги Сагынбай Орозбаков атындагы №13 китепкананын алдындагы аянтта  “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында  Эл аралык эне тил күнүнө карата “Элдин элдиги, эне тилинде” темасына  флешмоб өткөрүлдү. Ошондой  эле атайын китеп көргөзмөсү  уюштурулуп,  эне тил тууралуу маалыматтар жазылган баяндама берилди. Бул иш чарага Б.Н.Ельцин  атындагы КРСУ АДжК факультетинин, Б.Бейшеналиева  атындагы искусство университетинин  жана К.Карасаев атындагы   университеттин студенттери катышты. Иш-чарада окурмандар тарабынан даярдалып келинген  көркөм окуу, макал-лакаптар дүйнө элдеринин тилинде жаңырды.


Ошондой эле Алыкул Осмонов атындагы №9 китепканада Эл аралык эне тил күнүнө карата   «Эне тилге таазим» аттуу адабий- музыкалык кече өттү.   Кечеге Кыргызстан элинин Ассамблеясынын маданият жана билим берүү боюнча эксперти Чолова Айнагуль Торгоевна, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шидакова Зухра, Евразия лицейинин окутуучусу Закирова Таалайкул Камчыбековна катышты. Иш- чара кыргыз рухунун туу чокусу болгон «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен башталды.  «Мекеним –менин Кыргызстан» тематикалык слайд-баяндамадан кеченин катышуучулары дүйнөдө канча тил катталганы, анын ичинде жок болуп, же бурмаланып бараткан тилдер, кыргызстандагы улуттардын саны, маданияты ошондой эле көп тилдердин арасында кыргыз тилинин келип чыгыш тарыхы жөнүндө маалымат алышты.Уюштурулган китеп көргөзмөгө  баяндама берилди.


Ошондой эле Эне тил күнү райондук администрацияларда дагы белгиленди. Октябрь райондук администрациясы №56 орто мектебинде «Тилсиз эл болбойт, элсиз тил болбойт» аталышта райондук иш-чара өткөрдү. Иш-чарада райондун 13 орто билим берүү мекемесинин мугалимдери ар кайсы улуттардын каада-салтын көрсөтүп, ошол улуттун тилдеринде номерлерди аткарышты. Жыйынтыгында мыкты даярдыктагы № 91, №62, №64, №20, №17, №88, №37, №3 орто мектептер артыкчылыкка ээ болушту.


Свердлов районундагы 92 мектепке чейинки билим беруу мекемесинде «Эл дөөлөтү-эне тил» аталышындагы райондук иш-чара болуп өттү. Аталган иш- чарада бала бакчанын ар улуттагы тарбиялануучулары өз эне тилинде  ырларды ырдашып, улуттук бийлерди бийлешти.