ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 28-февралда саат 9:00дон 17:00го чейин калаанын айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат.

«Контррезервуар» суу алгычын оӊдоо-профилактикалык иштерин өткөрүүгө  байланыштуу Достоевский, Горький, Ауэзов  көчөлөрү жана темир жол сызыгы чектешкен жерлерде таза суу берилбейт. Анын ичинде: «Алтын-Ордо» жана «Кара-Жыгач» конуштарында, «Ата-Түрк» университетинде,  «Реемстма» ААК,  №18 кесиптик лицейинде, «Сулуутор», «Алтын-Ажыдаар»,  «САБ №1» ЖЧКларында, Виноградная көчөсү 1 дарегинде,  «СЭМ»  компаниясында,  «Ыссык Нан» ЖЧКсында,  «Ак-Жолтой», «Аман-Жол» АК, №93 лицейинде, «Кыргызэнергоремонт» АК, «Аю Гранд Комфорт» соода борборунда, Физиология институтунда, Унаа чогултуучу заводдо, Республикалык МАИ, «Антибиотики» ААК, «Торты от Зины» АК, Виноградная, 1 «а» дарегиндеги шаардык муз тебүү аянтында, Исакеев-Ауэзов көчөлөрүндөгү сүт цехинде, «Мабелла» ЖЧКсында, №2 Калкты тейлөө борборунда суу берилбейт.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана мекеме, уюмдарын жана шаар тургундарын таза суу камдап алуусун суранат.