ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жазында шаардыктарды миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр, роза жана жоогазындар кубандырат

Жылуу аба-ырайынын башталышы менен «Жашылдандыру курулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектин клумбаларына бир жылдык гүлдөрдү отургузууга даярдыктарды көрүп баштады.

Бишкек шаарынын төрт күнөсканасына 1 млн. 500 миӊден ашык бир жылдык гүлдөр себилген. Калаага бегония, колеус, петуния, ошондой эле арстан ооз жана сальвия гүлдөрү, жалпысынан 20 түр гүл отургузулат.


Ошондой эле жазында шаар жоогазындар менен кооздолот. Өткөн жылдын күз мезгилинде 130 миӊ баш жоогазын отургузулган. Мындан тышкары жалпы аянты 3,5 га розаларды алмаштыруу, жаӊылоо пландалууда.


«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасы архитекторлор менен биргеликте гүл клумбаларынын эскиздерин даярдашты. Ал эми ишкананын кызматкерлери азыркы учурда шаардын чолок көчөлөрүндөгү  коллектордук-дренаждык тутумдарды кол менен ачуу иштери жүргүзүүдө.


«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасынын башчысы - Элгондиев Токтобек. Телефон: 37-53-31; 37-53-30.