ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда коллегия өткөрүлдү

Жыйында Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу, мектеп курагындагы өспүрүмдөрдү жана балдарды каттоо, муниципалдык администрациянын административдик комиссиянын иштери атлкууланды. Коллегия райондун прокурорунун, башчынын орун басарларынын, МАБдардын, райондук кызматтардын  башчыларынын, жалпы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлорунун катышуусунда өткөрүлдү.


Райондун прокурору Г.Акимбаева райондук прокуратура тарабынан 23 текшерүү жүргүзүлгөндүгүн белгиледи. Анын ичинен: 11 текшерүү министрликтердин жана ведомстволордун түзүмдүк бөлүмдөрүндө, 6 текшерүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, 1 текшерүү көзөмөлдөөчү органдарында жана 5 текшерүү ИИМ органдарында. Текшерүүнүн жыйынтыгында 11 сунуштама, 6 эскертүү, кызмат адамына 1 эскертүү берилип, 3 тартип өндүрүш козголду. Ошондой эле жалпы зыяны 1 млн. 218 миӊ сомдон жогору болгон 5 кылмыш иши козголду жана 16 адам тартиптик жоопкерчиликке тартылды.


Райондук билим берүү борборунун башчысы А.Исмаилов билим берүү уюмдары жана райондук билим берүү борбору тарабынан 5 жаштан 16 жашка чейинки балдарды каттоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди. Муниципалдык администрация Бишкек автотранспорттук ишканасы менен биргеликте Мурас-Ордо  конушунун 200 баласын класс жетекчиси менен биргеликте мектепке жеткирүүнү уюштурган. Балдарды конуштан мектепке жеткирүү графикке ылайык жүргүзүлөт.


Жыйындын жүрүшүндө район башчысы билим берүү борборуна мектеп курагындагы балдарды каттоо жүргүзүүдө керектүү чараларды көрүүнү тапшырды.


Башчынын орун басары Р.Шарапов 2016-жылы райондук административдик комиссияга 387 протокол келип түшкөндүгүн жана 37 жыйын өткөрүлгөндүгүн белгиледи. Комиссия тарабынан 96 протокол каралып, анын ичинен 88 материалга жалпы суммасы 247 миӊ сомду түзгөн административдик айып салынды.