ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкциялары алынууда

Бишкек шаарынын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу максатында Биринчи май райондук администрациясы Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте мыйзамсыз орнотулган жарнама конструкцияларын аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Бир канча сааттын ичинде уруксат документтери жок муниципалдык жерге орнотулган  65 жарнама конструкциясы алынды. Алуу иштери Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, ошондой эле Жибек Жолу проспектиси Манас проспектисинен Фучик көчөсүнө чейин жүргүзүлдү.


Аталган жарнама ээлерине бир нече жолу мыйзамсыз орнотулган жарнамаларды алуу боюнча эскертүүлөр берилген. Эскертүүлөр аткарылбагандыгына байланыштуу алуу иштери өткөрүлдү.


Аталган багыттагы иштер дагы улантыла бермекчи.