ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Жашылдандыруу курулуш» ишканасы ирригациялык тутумдарды тазалоо жана куураган дарактарды кыркуу иштерин жүргүзүүдө

«Жашылдандыруу курулуш» муниципалдык ишканасы жаз мезгилине дренаждык тутумдарды тазалоо жана бактарды кыркуу иштерин жүргүзүүдө.

Учурда Можайский, Ижевский жана Пензенский чолок көчөлөрүндө Шербаков көчөсүнөн Саадаев көчөсүнө чейин жана Кызылкыя көчөсүндө коллектордук-дренаждык тутумдарды кол менен ачуу иштери жүргүзүлүүдө. «Жашылдандыруу курулуш» МИ бардыгы 86,6 км  түйүндү тазайлт.


Ишкананын кызматкерлери Бөкөнбаев, Боталиев, Токтоналиев, Орозбеков, Абдрахманов, Тоголок Молдо, Киев көчөлөрүндө, Жаш Гвардия бульварында жана Чүй, Манас, Жибек Жолу проспектилеринде бактарды санитардык кыркуу иштерин жүргүзүүдө. Аталган багыттагы иштер улантыла берет.


 Бишкек шаарынын мэриясы курулуш компанияларынын, соода күркөлөрүнүн жана чарба субъектилеринин ээлерин, ошондой эле шаар тургундарын кызматкерлердин эмгегин сыйлоого жана арыктарга таштанды таштабоого чакырат.


Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым сиздер менен байланышта!


Арыздарды, көйгөйлөрдү сүрөттөрү жана так даректери менен төмөнкү номерлерге жибере аласыздар:


Ыкчам чараларды көрүү «185» кызматы, 1840, 0554182185


Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;


Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;


Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;


Матмусаев Марат Маманович (Свердлов  району) — 0555 44-71-54.