ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы ардагерлерди Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады

Бишкекте Ата Мекенди коргоо күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

Калаанын кафелеринин биринде Бишкек шаарынын мэриясынын атынан ардегерлерге Ата Мекенди коргоо күнүнө арналган майрамдык түшкү тамактануу уюштурулду. Майрамдык дасторконго Улуу Ата Мекендик согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана шаардык ардагерлер кеӊешинин активисттери катышты.


Ардагерлерди Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова  жана Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко  куттуктап, бекем ден соолук, ачык асман жана бакубат жашоо каалашты.


Шаардык мэрия тарабынан ардагерлерге 1 миӊ сом өлчөмүндөгү бир жолку материалдык жардам тапшырылды. Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, Ленинград блокадачыларына почта бөлүмү аркылуу 1 миӊ сомдон материалдык жардам көрсөтөт.


Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев Улуу Ата мекендик согуштун, ардагерлер кеӊешинин, тылдын  ардагерлерин жана Ленинград блокадачыларын 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады. Жергиликтүү бюджеттен 65 согуштун ардагерлерине жана Ленинград блокадачыларына материалдык жардам көрсөтүлдү. Ардагерлерге 1000 сомдон, ал эми тылда эмгектенгендерге 500 сомдон, советтик армиядан майып болгон 17 адамга 1000 сомдон материалдык жардам тапшырылды. Жалпысынан 200 миӊ сом коротулду.

Октябрь районунун башчысы жана жетекчилиги ардагерлерди майрам менен куттуктап, материадык жардам көрсөтү. Бүгүнкү күндө Октябрь районунда 64 Улуу Ат Мекендик согуштун катышуучусу жашайт. Октябрь районунун бардык мектептеринде согуштун ардагерлер менен жолугушуусу өткөрүлүп, «Эдельвейс» аскердик –патриоттук тасмасы көрсөтүлүп, талкууланды.


Октябрь районунун №18 кесиптик лицейинде Ата Мекенди коргоо күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү, ооган согушунун жана Баткен окуясынын катышуучулары, кесиптик лицейлердин жетекчилери, өрт кызматынын, улуттук гвардиянын, куткаруу кызматынын кызматкерлери катышты. «Мыкты улуттук кийим» номинациясы боюнча конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, студенттердин концерттик программасы тартууланды.


Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин 23-февраль Ата Мекендик коргоо күнү менен куттуктады. Самарбек Болотбеков ардагерлерге тынчтык үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук каалады. Ардагерлердин бири, Кыгыз ССР эл артисти Дүйшө Сариев конокторго ырдап дагы берди.


Свердлов районунун акими ардагерлерге акчалай сыйлык жана гүл тапшырды.