ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте мыйзамсыз курулган тез тамактануу жайы жана кафе түрттүрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери Чүй проспектиси №6, Шабдан Баатыр көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан тез тамактануу жайын жана «Лазиза» кафесин түттүрдү.

2017-жылдын январь айынын башында мэриянын №1 токтому менен Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Ыкчам штабдын иш-чаралар планынын алкагында Токтогул көчөсүнүн Манас проспектиси менен кесилишиндеги мыйзамсыз курулуган беш кабаттуу имарат буздурулган.


Эскерте кетсек, штабдын иштеринин алкагында Тоголок-Молдо – Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Киев көчөсү №114 үйүнүн түштүк-батыш тарабындагы эки кабаттуу имарат, Панфилдов-Абдымомунов көчөлөрүнүндө жайгашкан «Домино» кафеси буздурулду.


Түрттүрүү иштери Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штабынын иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө. Штабдын курамы мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү, КР Жогорку сотунун алдындагы соттук департаменти, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик  экологиялык-техникалык инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен тыгыз иш алып барат.


Жакын арада мыйзамсыз курулган бир нече объект буздурулат.


Ыкчам штабдын төрагасы Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев. Телефон: 61-08-20.


Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын директору  Талант Иманакун уулу. Телефон 0557 55 70 58, 89 19 26.


КР Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына караштуу Бишкек шаарынын мамлекеттик регионалдык башкармалыгынын башчысы Мелис Абдиев. Телефон: 56-49-80; 90-12-60.


КР Жогорку сотуна караштуу сот департаментинин сот аткаруучулар түзүмдүк бөлүмүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурлан Пирназаров. Телефон: 58- 09 -95.


Бишкек шаарынын башкы прокурору Кубанычбек Бейшекеев . Телефон: 32-34-10.