ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте мекенди коргоо күнүнө арналган китеп көргөзмөсү өткөрүлдү

Бишкек шаарынын Борборлоштурулган китепканалар тармагы Ата-Мекенди коргоо күнүнө арналган китептер көргөзмөсүн уюштурду.

Көргөзмөгө окуучулар, ата-энелер, студенттер жана шаар тургундары катышты. Көргөзмөнүн жүрүшүндө окуучулар ырларды, макал-лакаптарды айтышты. Китепкана тарабынан катышуучуларга патриоттук сезимди арттыра турган Ата-Мекенди коргоо боюнча слайд көрсөтүлдү.  


Иш-чаранын максаты окуучуларды Ата-Мекенди сүйүүгө, коргоого тарбиялоо, китеп окууга кызыгуусун арттыруу жана китепкана менен тыгыз байланышта болуусун камсыздоо болуп саналат.


Бишкек шаарынын Борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору Кулсайра Дандыбаева. Телефон: 45-42-52.