ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясына ардактуу шаар тургундары-аксакалдары жардам берүүдө

Свердлов райондук администрациясында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу боюнча координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлдү.

Свердлов районунун ИИБ өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын өкүлдөрүнүн, орто мектептердин окуу боюнча директордун орун басарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын ИИББ 10-бөлүмүнүн үстүбүздөгү жылдын эки айында аткарган иштеринин отчеттору угузулду. Жолугушууда ардагерлер кеңешинин мурдагы төрагасы, Фрунзе шаардык кеңешинин эл депутаттарынын мурдагы төрагасы (1980-1985-жж.), Бишкек шаарынын биринчи ардактуу жараны – Абдразак Мокенов жаштардын көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.


Ошондой эле Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Свердлов районунда укук бузууларды алдын алуу жана коомдук коопсуздук маселелери боюнча жумушчу топ түзүү талкууланды.


Свердлов районунун социалдык бөлүмүнүн кызматкерлери өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана мектеп мугалимдери менен биргеликте түнкү рейддик иш-чараларды өткөрүүнү улантууда.