ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын окуучулары Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова менен жолугушту

Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгында вице-мэр Айгүл Рыскулованын шаардык  мектеп комитеттеринин лидерлери менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууда өсүп келе жаткан муундарды патриоттуулукка тарбиялоодо мектептин ролу, окуучулардын окуудан тышкары билим алуулары, массалык спорттук иш-чараларды өнүктүрүү жана башка облустардын мектеп лидерлери менен кызматташуу программасын ишке ашыруу маселелери көтөрүлдү.


Айгүл Рыскулова окуучуларга Бишкек шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгүн, шаарды өнүктүрүү планы менен бөлүшүп, балдар менен бүгүнкү жаштар өлкөнүн келечеги тууралуу талкуулашты.


Жолугушуунун соңунда илим, маданият, спорт жана ар кесиптин ээлери менен жолугушууларды уюштуруу сунушталды. Ошондой Айгүл Рыскулова окуучуларды жакшы окууга чакырып, өлкөнүн келечегине жараган, адилеттүү, чынчыл жана мыкты адистер болушун каалады.


Иш-чарага калаанын мектептеринин, ошондой эле Чуй облусунун Аламүдүн районунун мектептеринин  лидерлери катышты.