ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кулатов көчөсү 20-февралдан тартып бир багыттуу болот

Урматтуу айдоочулар! Бишкек шаарынын мэриясы 2017-жылдын 20-февралынан баштап Кулатов көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Элебаев көчөсүнө чейин (батыш тарапты көздөй) бир багыттуу болорун эскертет.

Тиешелүү шаардык кызматтар тарабынан керектүү жол бергилери орнотулуп, Бишкек шаарынын ИИББ ПМБ буйругуна ылайык, жол чырактардын иштөө режимин өзгөртүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.


Аталган  чечим вице-мэр Геннадий Милицкийдин төрагалыгы астында жол-транспорт көйгөйлөрүнө байланыштуу чечимдерди кароо жана кабыл алуу боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында кабыл алынган. Кабыл алынган чаралар жол кыймылын уюштурууга жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу болуусуна оң таасир этет.

Бишкек шаарынын мэриясы аталган тилкеде бара жаткан айдоочуларды этият болууга чакырат.