ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы бузуучуларды коомдук иштерге тартууну баштады

Свердлов району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы Свердлов райондук соту менен биргеликте бузуучуларды коомдук иштерге тартууну баштады.

Азыркы учурда мыйзамды бузган жети шаар тургуну милициянын коштоосунда бөлүгөн аянтты тазалашат. Бузуучулар таштандыларды чогултушуп, кардан тазалоо иштерин өткөрүшөт.  Жумушчулар бардык керектүү инвентарлар менен камсыз болушат.


Коомдук иштерге тартуу 23 укук бузуунун негизинде жүргүзүлөт. Анын ичинде ээнбаштык, белгиленбеген жерге таштанды таштоо жана өрттөө,  өз билемдик менен бак-дарактарды кыйуу, жашы жете элек өспүрүмдү окутууда жана тарбиялоодо милдеттерди аткарбаганда жана башка учурларда коомдук иштерге тартылат.


Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков. Телефон: 36-07-07; 43-09-20.