ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын негизги өтмөк жолдору оӊдолот

Бишкек шаарынын мэриясы Чүй-Манас жана Чүй-Абдрахманов проспектилериндеги жөө адамдар өтүүчү өтмөк жолдорду капиталдык оңдоодон өткөрөт.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жөө адамдар өтүүчү өтмөк жолдорду капиталдык оӊдоо жана көрктөндүрүү боюнча планды иштеп чыгууда.


Бишкек шаарында жалпысынан 13 өтмөк бар. Анын айрымдары ижарага берилген. Ижарачылар аларды таза кармоого милдеттендирилгенине карабай, бул талапты аткарышпайт. Буга байланыштуу ушул жылы өтмөк жолдор тууралуу мурдагы келишим кайрадан каралат.


Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы - Нурлан Эшенбаев. Телефон: 31-30-56; 31-80-06.


Өтмөктөрдүн тизмеси:


Чүй-Манас проспектиси, ижарачы «Эржол транс» ЖЧКсы, аянты 370 чарчы метр;


Чүй-Абдрахманов проспектиси, ижарачы «Ыйман» ЖЧКсы, аянты 461 чарчы метр;


Манас проспектиси (мамкаттоо), ижарачы Сабирова Патма, аянты 369 чарчы метр;


Жибек-Жолу проспектиси (батыш автобекет), ижарачы «Совет бригады ЖЧКсы, аянты 288 чарчы метр;


Чүй проспектиси –Фучик көчөсү, өтмөк бош, аянты 148 чарчы метр;


Бейшеналиева көчөсү – Токтогул көчөсү, ижарачы «Азамат Жети» ЖЧКсы, аянты 563,66 чарчы метр;


Жибек-Жолу – Осмонкул көчөлөрү, өтмөк бош, аянты 187,5 чарчы метр;


Киев-Кулуев көчөлөрү, ижарачы Жайнак Сочуев, аянты 430 чарчы метр;


Байтик Баатыр көчөсү (8-к/р), өтмөк бош, аянты 192 чарчы метр;


Байтик Баатыр көчөсү (10-к/р), өтмөк бош, аянты 192 чарчы метр;


Л.Толстой көчөсү (Пишпек т/ж), өтмөк бош, аянты 280 чарчы метр;


Москва көчөсү (улуттук госпиталь), өтмөк бош, аянты 240 чарчы метр;


Шабдан Баатыр-Литовский көчөлөрү, өтмөк бош, аянты 589 чарчы метр.