ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте "Жакшы көрөм, окуйм, бөлүшөм" акциясы өткөрүлдү

Бөкөнбаев атындагы №18 китепканада Бишкек шаарынын маданият башкармалыгынын алдындагы Борборлоштурулган китепканалар тармагы тарабынан уюштурулган  "Жакшы көрөм, окуйм, бөлүшөм" аталышта акция өткөрүлдү.

Акциянын катышуучулары жакшы көргөн китептерин алып келип, мазмуну менен бөлүштү. Ошондой эле окурмандар китептери менен алмашышты. Жигердүү окурмандарга  китепканачылар китеп белек кылышты.


Иш-чара шаар тургундарын китепканага тартуу, маданият жана ынтымакка чакыруу максатында өткөрүлдү.