ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси менен жолукту

Бишкек шаарынын мэриясында калаа башчысы  Албек Ибраимовдун АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтни менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек жана Америка Кошмо Штаттарынын  кызматташуу перспективалары талкууланды. Жолугушуунун соӊунда АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Шейла Гуолтни Албек Ибраимовду мэр болуп шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады жана жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.


Жолугушууга Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев, элчиликтин саясат-экономика  бөлүмүнүн башчысы Соната Колтер  жана администрациянын башчысы Марк Бэйрон катышты.