ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык мэрия «Мыкты жаӊы жылдык жасалгалоо-2016» конкурсунун жеӊүүчүлөрүн сыйлады

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында «Мыкты жаӊы жылдык жасалгалоо-2016» конкурсунун жеӊүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасы өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков жеӊүүчүлөргө диплом, ыраазычылык баракчаларын жана акчалай каражаттарды тапшырды.


«Райондор арасында мыкты жаӊы жылдык жасалгалоо» номинациясы боюнча 1-орун жана 50 миӊ сом байге  Октябрь районуна, 2-орун жана 30 миӊ сом байге Свердлов районуна жана 3-орун жана 20 миӊ сом байге Ленин районуна берилди.


«Министрликтердин жана администрациялык ишканалардын имараттарынын мыкты жаӊы жылдык жасалгалоосу» номинациясы боюнча 1-орунду  - Свердлов району (15 миӊ сом байге), 2-орунду – Октябрь району (10 миӊ сом) жана 3-орунду – Ленин району (5 миӊ сом) алды.


«Бюджеттик мекемелердин, саламаттыкты сактоо уюмдарынын, билим берүү, маданият, шаардык кызматтардын имараттарынын мыкты жаӊы жылдык жасалгалоосу» номинациясы боюнча 1-орунга - №12 орто мектеп (15 миӊ сом), 2-орунга - №30 орто мектеп (10 миӊ сом) жана 3-орунга - №141 бала бакча (5 миӊ сом) ээ болду.


«Ири соода комплекстеринин, борборлорунун жана базарларынын арасынан мыкты жаӊы жылдык жасалгалоо» номинациясы боюнча 1-орунду -  ЦУМ «Айчүрөк» (15 миӊ сом),  2-орунду - "Beta Stores 2" СБ (15 миӊ сом) багындырды.

«Муниципалдык техникалардын мыкты жаӊы жылдык жасалгалоосу» номинациясы боюнча «Тазалык» муниципалдык ишканасы жеӊишке жетти. Ишканага 30 миӊ сом байге берилди.


Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каттары жаӊы жылдык жасалгалоо конкурсуна активдүү катышкан "Навигатор", "ЦУМ Айчурок" ЖАК,  "Beta Stores 2" СБ, «Дархан ТУР» туристтик агенттигине тапшырылды.