ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Газ түтүктөрүн оӊдоого байланыштуу Фере көчөсү унаа кыймылы үчүн жабылат

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын «Бишкекгаз» филиалынын билдирүүсү боюнча, 14-февралдан баштап оӊдоо иштерине байланыштуу Фере көчөсү унаа кыймылы үчүн жабылат.

Жабуу иштери Д-426 мм орто басым газ түтүгүн оӊдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу жүргүзүлүүдө. Оӊдоо иштери 2017-жылдын март айынын ортосуна чейин жүргүзүлөт.


Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алуусун суранат.


«Газпром Кыргызстан» компаниясынын «Бишкекгаз» филиалынын директорунун милдетин аткаруучу - Акматбеков Манас Сулкарнаевич (53-01-53).