ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Ата-жүрөк, эне-мүрөк” аттуу иш-чара өткөрүлөт

2017-жылдын  17-февралында саат 11:00до Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын Мекен таануу бөлүмү уюштурган  “Ыйман, адеп  жана маданият” жылына карата “Ата-жүрөк, эне-мүрөк” аттуу жолугушуу кече өткөрүлөт.

Иш-чаранын максаты кыргыз элинин руханий жана адеп- ыйман баалуулуктары менен алдыңкы дүйнө таанымды айкалыштырган жаранды өстүрүү,  маданият жана дин саясатын калыптандыруу, улуттук маданиятты өнүктүрүү, жүрүм-турум жана укуктук маданиятты, өз-ара урмат-сыйды, көмөктөшүүнү жаштарга үйрөтүү, окурмандарды китепканага жигердүү тартуу болуп саналат.


Аталган иш-чарага Ж.Балсагын атындагы КУУнун жана Кыргыз Түрк Манас университетинин студенттери, коомдук ишмерлер жана журналисттер катышат.