ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Алга» футболдук клубу Бангладеш футболчулары менен беттешет

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында шаардык «Алга» футболдук клубун Бангладеш Эл Республикасында 2017-жылдын 18-февралынан баштап өтө турган эл аралык клубдук мелдешке катышууга узатуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Мелис Жунушалиев спортчуларга ийгиликтерди жана жеӊиштерди каалап, футболдук клубдун башкы машыктыруучусу Александр Бельдиновго Кыргыз Республикасынын жана Бишкек шаарынын желектерин тапшырды.


29 адамдан турган команда эртеӊ мелдешке кетишет.


«Алга» футболдук клубунун башчысы Русланбек Жуманазаров. Телефон: 88-02-91.