ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

ТООРУККА КАТЫШУУГА ЧАКЫРУУ

Кыргыз Республикасы

 

Бишкек шаарынын суу менен жабдуусун жакшыртуу долбоору

 

WS-2/2 Канализациялык соркыскычтарды (насосторду), кошумча атайын техникаларды жана коштоочу кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү

 

Бул тоорукка катышууга чакыруу ЕРӨБдүн “Сатып алуу жөнүндөгү кабарлоо” бетиндеги веб-сайтында жайгашкан бул долбоор боюнча сатып алуу жөнүндөгү 2015-жылдын 11-февралындагы www.ebrd.com Жалпы кулактандыруусуна ылайык чыгарылды.

 

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы (ӨЭБ), мындан ары “Сатып алуучуБишкек шаарынын суу менен жабдуусун жакшыртуу долбоорун каржылоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ же Банк) тарабынан башкаруучулук кылган  Швейцариялык Конфедерация Өкмөтү (СЕКО) тарабынан көрсөтүлгөн гранттын каражаттарынын бөлүгүн жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ же Банк) тарабынын көрсөтүлгөн кредиттин каражаттарынын бөлүгүн бөлүгүн пайдаланууну ниет кылат.

 

Сатып алуучу муну менен кредиттин жана гранттын каражаттарынын эсебинен каржыланган төмөнкү келишимдер боюнча тоорукка катышууга табыштамаларды берүүгө Жеткирип берүүчүлөрдү чакырат:

·        Лот 1 – 3 канализациялык соркыскыч (насос) (Q=500м3/саатына и коштоочу кызмат көрсөтүүлөр

·        Лот 2 – эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча жабдыктар, кошумча атайын техникалар жана коштоочу кызмат көрсөтүүлөр:

- Бир вальцовкалуу виброкаток

- Эки вальцовкалуу виброкаток (дизелдик)

- Вибротрамбовкалоочу (бензиндүү)

- Бетон (асфальт)кескич (бензиндүү)

- Чиркегичи бар ширетүүчү агрегат (дизелдик)

 

Тоорукка катышуучулар Лот 2 боюнча бардык техникаларды сунуштоолору керек.

 

Табыштамалар бир же андан көп лотторго берилсе болот. Сунушталган ар бир лоттор боюнча баалар өз-өзүнчө көрсөтүлүшү керек. Бир нече лотторду аткарууга берилген табыштамаларда арзандатуулар сунушталса болот, алардын саны табыштамаларды салыштыруу процессинде эске алынат.

 

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан башкаруучулук кылган Швейцариялык Конфедерация Өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн (СЕКО көрсөткөн) гранттын каражаттарынын эсебинен жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан көрсөтүлгөн кредиттин каражаттарынын эсебинен каржылана турган контракт боюнча тендерге каалаган өлкөнүн компаниялары катышуу укугуна ээ боло алат. Банк тарабынан көрсөтүлгөн кредит каражаттары жактарга же ишканаларга төлөө үчүн же товарлардын каалаган импортуна төлөө үчүн пайдаланууга болбойт, эгерде мындай төлөм же импорт БУУнун Уставынын VII бапына ылайык кабыл алынган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен тыюу салынат.

 

Келишимдерди берүүгө укукту алуу үчүн тооруктун катышуучулары төмөндө көрсөтүлгөн минималдык квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

          11.Тооруктун катышуучусу Сатып алуучунун өлкөсүнө мындай товарларды алып келүүгө кадимкидей даярдоочу тарабынан укукка ээ болушу керек.

          12. Контракты аткаруу үчүн тооруктун катышуучусунун керектүү финансылык, техникалык, өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү жана күч кубаттуу болушу керек. Тоорукка катышуучулардын акыркы 5 (беш) жыл ичиндеги орточо жылдык товар жүгүртүүсү Лот 1 үчүн 800 000 Евро жана Лот 2 үчүн 100 000 Евро болушу керек. Тооруктардын жергиликтүү катышуучусу салык жана социалдык фонд боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалыматты, бухгалтердик баланс, киреше жана чыгаша боюнча отчет, аудитордук отчетторду ж.б. көрсөтүшү керек. Тооруктун катышуучусу ликвиддик активдерди алууга же өзүнүн карамагында бар экендигин, башка келишимдер боюнча милдеттенмелердин тооруктун катышуучусунда бар экендигин эске алып, Лот 1 үчүн евро эквивалентиндеги 300 000денкем эмес жана Лот 2 үчүн 50 000 Евро эсеп боюнча түзүлгөн суммадагы келишимдерди аткаруу үчүн ага жүгүртүү каражаттардын бар болуусун камсыз кылууга  мүмкүндүк берген, күрөөгө коюлбаган кыймылсыз мүлк, кредиттик линиялар жана башка финансылык каражаттар бар экендигин далилдеши керек.

          13. Тооруктун катышуучусу Жеткирип берүүчү катары акыркы 3 жыл ичинде сунушталган товарларды жеткирип берүүдө ийгиликтүү жана маанилүү өлчөмдө бүткөрүлгөндүгү, бирдейлиги менен  3 (үч)төн кем эмес келишимди ийгиликтүү аткаргандыгы жөнүндө тажрыйбасы бар экендиги тууралуу далилди көрсөтүшү керек. Окшоштук “Сатып алуучунун талаптарынын” VI бөлүгүндө каралган физикалык көлөмдөргө, татаалдыктарга, ыкмаларга/технологияларга же андан башка мүнөздөмөлөргө негизделет.

           14. Бул тендердик документтерде эскертилгендей, тооруктун катышуучусу же анын агенти техникалык эксплуатациялоо, оңдоо жана камдык бөлүктөр менен камсыздоо боюнча  жеткирип берүүчүнүн милдеттенмесин аткаруу абалында болуусу керек. Тооруктун катышуучулары ыйгарым укуктугу жөнүндө керектүү сертификаттарды, лицензияларды же каттарды көрсөтүшү керек.

15. Консорциумдар жана биргелешкен ишканалар үчүн чен белгилер (СПКА):

Эгер тооруктун катышуучусу биргелешкен ишкананын атынан табыштаманы берген учурда, ал төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

 

а) биргелешкен ишкананын жетектөөчү компаниясы жогоруда көрсөтүлгөн минимум 70% квалификациялык чен белгисине (2) жооп берген жана квалификациялык чен белгилерде (3) көрсөтүлгөндөй  жок дегенде эки (2) контрактыны аткарууда башкы подрядчы катары иш тажрыйбасы болушу керек;

 

b)  биргелешкен ишкананын ар бир мүчөсү жогоруда көрсөтүлгөн минимум 30% квалификациялык чен белгисине (2) жооп берген жана квалификациялык чен белгилерде (3) көрсөтүлгөндөй  жок дегенде бир (1) контрактыны аткарууда башкы подрядчы катары иш тажрыйбасы болушу керек; Жалпысынан консорциум (ага кирген компаниялар) бардык жогоруда көрсөтүлгөн чен белгилерге дал келиши керек.

Эгерде жеткирип берүүчү биргелешкен ишкана болуп эсептелсе, анда эки же андан көп адамдан турган консорциум же ассоциация тарабынан бардык жактар Сатып алуучунун келишиминин шарттарын аткарууга бирдей милдеттенмелерди мойнуна алат, эгерде башкалар Сынактын жалпы шартында (СЖШ) көрсөтүлбөсө. Биргелешкен ишкана бир катышуучуну биргелешкен ишкананын атынан лидер катары чыгууга ыйгарым укук берет. Биргелешкен ишкананын Уставы же Конституциясы сатып алуучунун алдын-ала макулдугу жок өзгөртүлбөшү керек.

 

Тендердик документтерди 640 сом өлчөмүндөгү кайтарымсыз чогултулган төлөмдөн кийин төмөндөгү көрсөтүлгөн дарек боюнча алсаңар болот. Чогулган сумманы төмөндө көрсөтүлгөн “Бишкексууканал” ӨЭБнын алыш-бериш эсебине которсо болот.

 

Бенефициарий банкы

р/с 1091820102890180

БИК 109018

ОАО “Optima bank”, Бишкек, Кыргыз Республикасы

SWIFT:ENEJKG22

Chips UID:416502

Ортомчу банк

Standard Chartered bank, Нью-Йорк, США

SWIFT:SCBLUS33

р/н: 3582023671001

 

Табыштамалар 2017-жылдын 23-мартына чейин саат 14.00дөн кечикпестен төмөнкү көрсөтүлгөн дарек боюнча жеткирилиши керек, качан тендердин катышуучуларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда аларды ачарда, калоочулар бул учурда катышса болот.

 

Тооруктун потенциалдуу катышуучулары кошумча маалыматтарды алса жана сынак документтери менен таанышса болот, ошондой эле аны төмөнкү дарек боюнча алса болот:

 

Кыргыз Республикасы

720023, Бишкек

10-кичи район, 35-үй

307-кабинет, долбоорду ишке ашыруу бөлүмү

Тел.: +996 312 542119

e-mail: piu Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.