ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда окуучулар арасында олимпиада өткөрүлдү

Октябрь районунун №56 орто мектебинин базасында 10 жана 11-класстар арасында жалпы билим берүү предметтери боюнча райондук олимпиада өткөрүлдү.

Олимпиада математика, физика, химия, биология, география, тарых, кыргыз класстарда окугандар үчүн кыргыз тили жана адабияты, орус класстар үчүн  кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабият, англис тили сабактары боюнча эки турдан өттү.  


Олимпиаданын 1-туруна райондун жалпы билим берүү мектептеринен 470 окуучу жана 2-туруна 183 окуучу катышты.


Аталган предметтер аралык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 93 окуучу орун алды. Анын ичинен 1-орунду 34 окуучу, 2-орунду 32 жана 3-орунду 27 окуучу алды.


Олимпиаданын жеӊүүчүлөрүнө Октябрь районунун акиминин атынан грамота, ыраазычылык каттары жана белектер тапшырылды.