ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин акимиаты Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгына арналган иш-чара өткөрдү

Ленин райондук администрациясы Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 28 жылдыгына арналган иш-чара өткөрдү.

Район башчысы Нурдин Тынаев чакырылгандарды куттуктап, ооган согушунан катышкан аскер-интернационалисттердин эрдиктерин белгилеп, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.


Иш-чарада согушта курман болгондор эскерилип, аскер-интернационалисттерге администрация тарабынан Ардак грамота, ошондой эле бир жолку материалдык жардам тапшырылды. Согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө – 5 миӊ сомдон, майып болгондорго – 5 миӊ сомдон жана окуяга катышкандарга – 1000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү.


Салтанаттуу иш-чара кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа менен коштолду.