ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда аскер-интернационалисттерге жана Баткен окуясынын катышуучуларына финансылык жардам көрсөтүлдү

Октябрь районунун №3 орто мектебинде район башчысы Нурбек Курманбековдун катышуусунда Ооган согушунан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 28 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага республикалык жана шаардык ооган аскерлеринин кеӊешинин жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлер кеӊешинин өкүлдөрү, ошондой эле ооган согушунан курман болгондордун үй-бүлөлөрү, жакындары, Ооган жана Баткен окуяларынын катышуучулары жана майып болгондор катышты.


Бардык чакырылгандарга материалдык жардам көрсөтүлдү. Согуштун майыптарына – 4 миӊ сомдон, согуштан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө – 6 миӊ сомдон жана согуштун катышуучуларына – 1000 сомдон жардам берилди.


Жыл сайын райондук администрация Ооган согушунун катышуучуларына материалдык жардам көрсөтөт. Бул жылы райондук администрациядан 300 миӊ сом бөлүндү.


«Шайыр балалык» жана №3 мектептин балдар чыгармачылык борборунун жамааты катышуучуларга майрамдык концерт тартуулады.


Маалымат: Бүгүнкү күндө Октябрь районунда Ооган согушуна жана Баткен окуясына катышкан 214 адам жашайт.