Калаанын окуучуларына кышкы майрам уюштурулду
- Подробности
- Опубликовано 11.02.2017 17:08
«Чоӊ-Таш» айлынын тоосунда калаанын окуучулары, ошондой эле реаблитациялык борборлордун, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары үчүн «Баары лыжага - 2017» спорттук иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын ачылышында Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Канатбек Музуралиев балдарга жакшы эс алууларды каалап, балдар менен чогуу спорттук иш-чарага катышышты.
Спорттук иш-чарада окуучулар жылгаяк тээп, аркан тартыш жана башка оюндарды ойноп көңүл ачышты. Иши-чара алкагында улуттук «Бука тартыш», «Таяк тартыш», «Аркан тартыш» жана чуркоо боюнча жарыш уюштурулуп, соңунда жеңүүчүлөргө атайын белектер берилди.
Спорттук иш-чаранын максаты окуучуларды кышкы спортко тартуу жана сергек жашоого үндөө болуп саналат.
Түшкүсүн катышуучулар үчүн даамдуу тамак менен чай уюштурулду.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
04.06.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |