ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаанын окуучуларына кышкы майрам уюштурулду

«Чоӊ-Таш» айлынын тоосунда калаанын окуучулары, ошондой эле реаблитациялык борборлордун, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары үчүн «Баары лыжага - 2017» спорттук иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын ачылышында Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, Бишкек шаардык кеӊешинин  төрагасы Канатбек Музуралиев балдарга жакшы эс алууларды каалап, балдар менен чогуу спорттук иш-чарага катышышты.


Спорттук иш-чарада  окуучулар жылгаяк тээп, аркан тартыш жана башка оюндарды ойноп көңүл ачышты. Иши-чара алкагында улуттук «Бука тартыш», «Таяк тартыш», «Аркан тартыш» жана чуркоо боюнча жарыш уюштурулуп, соңунда жеңүүчүлөргө атайын белектер берилди.


Спорттук иш-чаранын максаты окуучуларды кышкы спортко тартуу жана сергек жашоого үндөө болуп саналат.


Түшкүсүн катышуучулар үчүн  даамдуу тамак менен чай уюштурулду.