ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы санитардык нормаларды бузгандарды аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору калаанын санитардык абалын текшеришти.

Октябрь районунун санитардык абалын текшерүүдө Кулатов көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан «Ашкана» күркөсүнүн айланасы антисанитардык абалга жетип, көрктөндүрүү эрежелери сакталбагандыгы, ошондой эле таштанды чыгарууга келишим түзүлбөгөндүгү аныкталды.


Аталган жайдын ижарачысы Сандакеева Р. атына КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Ал эми Ленин районунун санитардык абалын текшерүү учурунда Циолковский көчөсү  №86 үйүнүн айланасына курулуш таштандылары чогултулгандыгы аныкталды. СЭИ инспекторлору тарабынан Юсупова Г.Ж.атына КР «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.


Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы – Сулайманов Данияр Калмамбетович. Телефон: (65-81-59).


Турак-жай-коммуналдык чарба маселелерин Бишкек шаарынын вице-мэри Исаков Эркинбек Куменович көзөмөлдөйт.