ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Домино” кафеси түрттүрүлдү

2017-жылдын январь айынын башында мэриянын №1 токтому менен Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түзүлгөн. Ыкчам штабдын иш-чаралар планынын алкагында Токтогул көчөсүнүн Манас проспектиси менен кесилишиндеги мыйзамсыз курулуган беш кабаттуу имарат буздурулган.

Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери “Домино” кафеси түрттүрүүдө. Аталган кафе Панфилов – Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Капиталдык курулуштун ээси У.С.


Түрттүрүү иштери Бишкек шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу жана алдын алуу боюнча ыкчам штабынын иштеринин алкагында жүргүзүлүүдө. Штабдын курамы мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрү, КР Жогорку сотунун алдындагы соттук департаменти, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик  экологиялык-техникалык инспекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы менен тыгыз иш алып барышат.


Жакын арада тиешелүү уруксат документтери жок, мыйзамсыз курулган бир нече курулуш түрттүрүлөт.


Маалымат: Ыкчам штабдын төрагасы Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дюшембиев. Телефон: 61-08-20.


Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын директору  Талант Иманакун уулу. Телефон 0557 55 70 58, 89 19 26.