ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин райондук акимиаты мыйзамсыз орнотулган тосмону алды

Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы Бишкек шаарынын мэриясынын кызматтары менен биргеликте Бейшеналиева көчөсү №29 үйүнүн айланасына мыйзамсыз орнотулган темир тосмону алуу иштерин өткөрүштү.

Мурда Сыдыков көчөсү 207 дарегинин жашоочуларынын бир нече жолку арыздарынын негизинде Ленин райондук администрациясы тарабынан тосмо алынган. Жакында муниципалдык администрациянын эскертүүсүн эске албастан белгисиз адамдар тарабынан мурда алынган тосмо кайрадан калыбына келтирилип, муниципалдык жердин эсебинен кеӊейтилип алынгандыгы аныкталды.


Муниципалдык администрация Бишкек шаарынын жашоочуларын мыйзамсыз жерди басып алгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартыларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чаралар көрүлөрүн эскертет. Учурда аталган багыттагы иштер улантылууда.